Жаңылыктар

"Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму эл аралык таанууга ээ болду

2018-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутуму эл аралык таануу алган, ал эми "Электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасы X-Road электрондук платформасынын – Эстониядан жана Финляндиядан кийин https://www.x-road.com/) дүйнөдөгү үчүнчү оператору болуп көрсөтүлдү.

Бул электрондук аянтчанын протоколдору электрондук системанын катышуучуларынын ортосунда жөнөтүлгөн маалымат үчүн коопсуздуктун жогорку денгээлин камсыз кылат.

2016-жылы Дүйнөлүк банк Эстонияны, 2003-жылдан бери платформаны иштеп чыгуучу, "эң өнүккөн санариптик коом" деп белгилеп өттү. Санариптик технологияларды колдонуунун натыйжасында Эстония жыл сайын 500 миллион АКШ доллары чейин сактап турат.

Бүгүнкү күндө Канада, Япония, Индия, Аргентина, Азербайжан, Армения, Украина, Молдова жана башкалар ар кандай даярдык баскычтарында мамлекеттик Х-Road системасын куруу менен алектенишет.

Бирок, прототипи X-Road болгон "Түндүк", тутумунун борбордук инфраструктурасын Кыргызстан гана тез арада ишке ашыра алды. Эл аралык эксперттердин пикири боюнча, Кыргыз Республикасы жакынкы жылдары БУУ рейтингинде электрондук өкмөт системасын өнүктүрүү боюнча ТОП-10 өлкөнүн ичинде кирүү мүмкүндүгүнө ээ.

Кыргыз Республикасында "Түндүк"   тутумунун оператору болуп Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы эсептелинет.

"Түндүк" улуттук долбоорун максаты– мамлекеттик бийлик органдарында башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупцияны кыйла кыскартуу жана маалыматтарды автоматташтыруунун жана ыкчам алууну камсыздоонун эсебинен жарандар жана ишкерлер үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды төмөндөтүү.

Кыргыз Республикасында "Түндүк" тутуму 2016-жылдан тартып жүзөгө ашырылууда. 2018-жылы, тутум бешинчи версиясынан дагы жакшыртылган жана корголгон – алтынчыга которулган,, бул мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын өз ара аракеттенүүсүн орнотуу үчүн кымбат баалуу оптикалык линиялардан баш тартууга мүмкүндүк берет.

Булак: kg.akipress.org/news:1445202?f=cp