Жаңылыктар

Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы форматына ээ болгон portal.tunduk.kg порталында иштөөгө үйрөтүүнү улантып жатабыз.

Биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын модернизацияланган жана эми мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жаңы форматына ээ болгон portal.tunduk.kg порталында иштөөгө үйрөтүүнү улантып жатабыз.
2021-жылдын 16 жана 17-февралында "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айыл өкмөттөрүнүн жана Каракол, Нарын шаарларынын мэрияларынын 100дөн ашуун кызматкерине онлайн режиминде тренинг өткөрүштү.
Ошондой эле, Порталдын жаңы версиясынан тышкары, бирдиктүү идентификациялоо тутуму жана электрондук билдирүү тутуму менен иш алып барууга окутуп жатабыз.
Жакынкы аралыкта, башка аймактардан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкдар өкүлдөрү үчүн онлайн режиминде тренинг өткөрүү пландаштырылууда.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу процессин кыйла жеңилдетип, коррупциялык тобокелдиктерди азайтарын белгилешти. Тренингде алар "Санарип Аймак" маалыматтык тутумун киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти жана тийиштүү органдардан "Санарип Аймак" менен иштөө тууралуу аймактар боюнча онлайн форматта окутууну өткөрүүнү суранышты.
Онлайн-тренингдин жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери өлкөнүн санариптештирүүсү боюнча, "Санарип Аймак" платформасы, Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы тарабынан берилген электрондук маалымкаттардын юридикалык мааниси жөнүндө, кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялык коду жок турак жайларга жарандарды каттоо тууралуу, ошондой эле "Санарип аймак" маалыматтык системасынын алкагында мүйүздүү майда малды каттоону аяктоо боюнча активдүү суроолорду беришти.