Жаңылыктар

"Түндүк" тутумун киргизүү боюнча иш белгиленген план боюнча жүргүзүлүүдө. Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда электрондук тутумду киргизүү маселесин талкуулоо боюнча чоң конференция өттү.

Натыйжада мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн ортосунда маалыматтарды түздөн-түз алмашуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт. Эң башкысы, бул биздин жарандардын жашоосун жеңилдетет.

Эмне үчүн "Түндүк"тутуму керек? Анын башкы максаты-мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү. Ар кайсы ведомстводон тигил же бул маалымкатты алуу кыйын экендигин биз баарыбыз билебиз. Демек, бул чуркоонү алынып салууга аракет кылып жатат. Бардык бөлүмдөр бири-бири менен байланышкан болсо, бул жаатта иш жеңилдейт. Ал эми өз ара аракеттенүү органдары кагаз аркылуу эмес, адатта, электрондук вариантта болот.

"Электрондук өкмөт" өлкөнүн келечеги. Эгер бир нече жыл мурда система тесттик режимде гана иштеген болсо, бүгүнкү күндө аны ведомстволорго киргизилип жатат. Ага 25 ведомство кошулган. Алардын ичинен 8и өз ара "аракеттенет". Калк үчүн 350 тен ашык маалыматтык күркөлөр ачылууда, электрондук төлөмдөр системасы ишке киргизилди, "Гибриддик почта" программасы борбор шаардын 4 кичирайондорунда иштейт. Ошондой эле Мамлекеттик сатып алуулар системасында, жүктөрдү жана транспортту көзөмөлдөө, ошондой эле Балага сүйүнчү системасы боюнча долбоорлор жүзөгө ашырылды.

Өз сөзүндө Абылгазиев айткандай, алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдүн саны жана сапаты, алардын жеткиликтүүлүгү жана калктын ар кандай топтору тарабынан колдонулушу сыяктуу маанилүү факторлорго байланыштуу. Ал эми “Тундук” электрондук өз ара аракеттенүү тутумун биздин өлкөгө киргизүү биздин туура жол менен бара жатканыбызды билдирет.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондук форматка өткөрүү карапайым жарандардын жашоосун жеңилдетип,  жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө коррупция деңгээлин да кыйла азайтат.

Анын үстүнө, өлкө маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк программисттерге өз компетенциясында кем калбаган алдыңкы адистерге ээ. Ошондой эле Кыргызстан электрондук өкмокө кошулган Борбор Азиядагы биринчи өлкөнүн катарына кирген. Демек, биз ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, коррупцияга каршы күрөшүү жана мамлекеттик башкаруунун жаңы технологияларын колдонуу жолуна түшкөндүгүбүз.