Жаңылыктар

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров: Алыскы аймактарда жашаган жарандардын автоматташтырылган мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча ишти күчөтүү керек.

Алыскы аймактарда жашаган жарандардын автоматташтырылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча ишти күчөтүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү борбору" мамлекеттик ишканасына барганда билдирди.

“Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борбору” мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборунун" акыркы эки жылдагы иши, жетишилген натыйжалар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө айтып берди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, санариптештирүүнү натыйжалуу ишке ашыруу - бул өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири.

"Түндүк" борборунда чет элдик алдыңкы университеттерде билим алган тажрыйбалуу адистер иштеп жаткандыгын көрүп жатабыз. Региондорду санариптештирүү үчүн жергиликтүү адистерди даярдоо дагы маанилүү. Мамлекеттик жана муниципалдык органдарда санариптештирүү чараларын күчөтүү жөнөкөй жарандардын жашоосун кыйла жеңилдетет. Санариптештирүү мезгилдин талабы » - деди ал.

Равшанбек Сабиров учурда мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү максатында коомдун күнүмдүк турмушуна заманбап технологияларды киргизүү боюнча бир топ иштер жүрүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Ушул аракеттердин аркасында жарандарга мамлекеттик кызматтарды алуу тезирээк жана жеңилдеди. Эң башкысы, коррупциялык тобокелдиктер азайды. Учурда өлкөдө санариптештирүү жүрүп, киберкоопсуздук маселеси көңүл борборунда. Бул үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү боюнча ишти күчөтүү керек ”, - деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.